Кыргызстанга 2025-жылкы ажылык үчүн 6060 квота берилди – ИА Караван Инфо
Кыргызстанга 2025-жылкы ажылык үчүн 6060 квота берилди

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушту.

Муфтияттан кабарлашкандай, анда 2025-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу маселеси талкууланды. 

Муфтий ажылык сапарын уюштуруу боюнча кеңири талкуу жүргөнүн, кыргызстандык ажылардын жатакана шарттары, тамак-ашы жана ыйык жерлердеги ибадаттарын уюштуруу иштери башталганын кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгенин жарыялашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: