2024-жылдын 18-июлунда Кытайдын Элдик боштондук армия корпусунун башкы штабынын башчысынын орун басары Лю Чжэнь Беларустун куралдуу күчтөрү менен кытайлык аскерлерди мындан ары биргелешкен машыгууга кызыкдар экенин билдирди.

“Биз биргелешкен машыгуу аркылуу эки аскерий департаментибиз тынчтыкты сактоо үчүн зарыл болгон маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрөт деп ишенебиз” – деди Лю Чжэн.
Ал ошондой эле мындай биргелешкен машыгуулар келечекте дагы улана берерине ишеним билдирди, анткени мындай иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү арттырууга жардам берип, аскердик машыгуу ыкмаларын практикалоого мүмкүндүк берет.
Беларустун Коргоо министринин биринчи орун басары Павел Муравейко өз кезегинде мындай машыгуулар буга чейин да өткөрүлгөнүн белгилеп, биргелешип иштөө тажрыйбасына токтолду. Ал машыгууларга беларусь жана кытай аскерлеринин катышуусун жогору баалап, коюлган милдеттер ийгиликтүү аткарылганын белгиледи.
Белгилей кетсек, учурда Беларус-Кытай машыгуулары Бресттин жанындагы полигондо өтүп жатат жана 19-июлга чейин уланат. Машыгуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн атайын күчтөрү ар кандай согуштук сценарийлерди, анын ичинде эл жашаган аймакта кармашуу, имараттарды тазалоо жана башка тапшырмаларды аткарышат. Машыгууларга артиллериялык экипаждар да катышууда.Сүрөт: Павел Матусевич / “Ваяр”