БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 9-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Кытайдын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Юй Сяоюн Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушуп, Бээжин Кабул менен Исламабаддын ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн чараларды көрүп жатканын жана буга чейин Пакистан тарап менен байланышка чыкканын билдирди.

Тараптар Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалды жана чыңалууну азайтуунун жолдорун талкуулашты.
Кытайлык дипломат Бээжин эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы маселелерди диалог жана дипломатия аркылуу чечүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Амир Хан Муттаки өз кезегинде Талибан кыймылы Пакистан менен болгон пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүнү артык көрөрүн жана андан ары эскалацияга умтулбай турганын билдирди.
Анын айтымында, Ооган бийлиги кризистин жайылышына жол бербөөгө аракет кылып жатат, бирок алар өлкөнү жана анын жарандарын коргоону өздөрүнүн укугу деп эсептешет.
Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Кытайдын атайын өкүлү Пакистандын акыркы кол салууларында каза болгон оогандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтканы да белгиленген.
Сүрөт: Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги
