Өзбекстан Республикасынын Инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Глобалдык инфраструктура жана АКШ инвестициясы боюнча өнөктөштүктүн атайын координаторунун милдетин аткаруучу Хелен Матза менен жолугушту.

Жолугушуунун катышуучулары транспорттук инфраструктураны, геологияны жана санариптештирүү долбоорлоруна жеке каржылоону тартуу маселелерин талкуулашты.
Бул демилгени АКШ 2022-жылдын июнь айында G7 саммитинде көтөргөн. Негизги максат – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө сапаттуу инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияны багыттоо.
Тактап айтканда, АКШ федералдык каржылоо жана жеке сектордун инвестициясы аркылуу 5 жылдын ичинде 200 миллиард долларга чейин, ал эми Чоң жетиликке кирген өлкөлөр 600 миллиард долларга чейин грант берет. Демилгени ишке ашырууга Дүйнөлүк банк жана BlackRock, Brookfield, Global Infrastructure Partners сыяктуу жеке инвестициялык компаниялар катышууда.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде инвестиция тартуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнүн бардык талкууланган багыттары боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө бекем умтулуу ырасталды.
Сүрөт: Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк порталы\