Ленин районунун аймагында акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады – ИА Караван Инфо
Ленин районунун аймагында акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады

Ленин районунун аймагында Новопавловка жана Орок МАБда акысыз мектеп автобустары жүрүп баштады, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 4 мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан.

Дача-Су, Учкун, Учкун-2 айылдарында окуган окуучулардын саны 2000ден ашат. Аталган райондордогу мектептердин жоктугуна байланыштуу окуучулар Манас айылындагы “Ат-Башы” мектеп-лицейинде 3 – 7,5 чакырым алыс аралыкта билим алышат.

Ленин муниципалдык администрациясы менен “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын ортосунда мектеп окуучуларын акысыз ташуу боюнча келишим түзүлгөн.

Учурда Дача-Су, Учкун жана Учкун-2 аймактарында мектеп окуучуларын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 19:00гө чейин акысыз ташуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: