Мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерлердин шайлоо күрөөсү кыскартылат
Бүгүн, 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.
Мыйзам долбоору майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн азайтуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 15-ноябрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/