“Мамлекет катары толук калыптандык”. Президент гимнди өзгөртүү боюнча оюн билдирди – ИА Караван Инфо
"Мамлекет катары толук калыптандык". Президент гимнди өзгөртүү боюнча оюн билдирди

Гимди өзгөртүп койсок жакшы эле болот. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген. 

Президент агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы гимн 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылгандыгын айткан. 

“Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде гимн жазгандар кубаныч менен толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби?

Ошондуктан эми өз алдынча мамлекет экенибизди, 5 миң жылдык тарыхыбыз бар эл экенибизди ырдап, жаштарга, келечек муундарга дух бере турган гимн жазып койсок эмнеге болбосун? Албетте азыркы гимнибиз дагы унутта калбайт. Биринчи гимнибиз катары архивде тарых болуп кала берет. Тууну оңдоп коёлу дегенде да айрым демогог, популисттер каршы чыгышты эле. Азыркы туубуз жаман болдубу? Мурдагы туудан бир тепкич өйдө болду. Мурдагы туубуздагы күндүн белгиси же күн карама эмес, же «пилораманын» арасы эмес түшүнүксүз эле белги болчу. Азыркы тууну көргөн адам дароо эле күндүн нуру экенин түшүнөт. Жаркырап турат”, – деген мамлекет башчысы. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: