“Мейкин” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды — тизме – ИА Караван Инфо
"Мейкин" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды — тизме

Бүгүн, 17-декабрда, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында президент Садыр Жапаровдун “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты.

“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга “Мейкин” сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.

“Мейкин”-2024 сыйлыгынын лауреаттары төмөнкүлөр:

Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы

“Бир эл – бир түндүк” номинациясы;

Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору

“Керемет Кыргызстан” номинация;

Мария Индина, “Акчабар” финансы порталынын башкы редактору

“Салык өнүгүүгө салым” номинациясы;

Алимжан Алибеков, “Кут Билим” басылмасынын редактору

“Билим келечек” номинациясы;

Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы

“Куттуу элет” номинациясы;

Аида Аматбекова, “МИР” МТРКнын кабарчысы

“Мекен жана мен” номинациясы;

Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер

“Мекендештер” номинациясы;

Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу

“Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы;

Елена Череменина, “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси

“Сергек жашоо” номинациясы;

Улан Эшматов, эркин журналист

“Таза Мекен” номинациясы.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: