“Менин шаарым” тиркемесинин аталышы “Мэрдин кайрылуусу” деп өзгөртүлөт – ИА Караван Инфо
"Менин шаарым" тиркемесинин аталышы "Мэрдин кайрылуусу" деп өзгөртүлөт

Борбор калаанын мэриясында мэрдин орун басарларынын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү.

Шаардык кызматтар тарабынан «Менин шаарым» тиркемесиндеги кайрылуулардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу уюштуруу-көзөмөл иштери бөлүмүнүн башчысы Кубандык Акматбеков билдирди.

2024-жылдын январь-ноябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна («Менин шаарым» тиркемесин кошкондо) колдонуучулардан 13 653 кайрылуу келип түшкөн, анын 12 054ү аткарылган, 1 598и аткарылган эмес.

Мэр «Менин шаарым» тиркемесинин атын «Мэрдин кайрылуусу» деп өзгөртүүнү тапшырды.

«Уюмга түшкөн ар бир өтүнүчтү менин буйругум катары карайсыңар. Бир дагы кайрылуу жоопсуз калбашы керек», – деп кошумчалады мэр.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу кароо тапшырылды.

“Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына  көрсөтүлгөн арыздагы суроо-талаптардын аткарылышы боюнча жума сайын отчет жөнөтүп туруу милдеттендирилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: