ММКФнун 2025-жылга бюджети 8,3 миллиард сом өлчөмүндө каралууда – ИА Караван Инфо
ММКФнун 2025-жылга бюджети 8,3 миллиард сом өлчөмүндө каралууда

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга пландык мезгилене бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Депутаттардын суроолоруна саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов жооп берди. 

ММК Фондунун 2024-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган параметрлери 20 млрд 108 млн 235 миң сомду түзөт. Министр белгилегендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджети8 млрд 327 млн 858 миң сом өлчөмүндө каралган.

Талкууда депутат Камила Талиева ооруканаларда дары-дармектердин жетишсиздигин айтып, Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө аныкталган 2023-жылдагы 90 млн сомдук маяналарга мыйзамсыз иштетүүлөр боюнча жоопкерчилик маселесине көңүл бурду. Депутат Винера Раимбачаева ооруканалардын чыгымдалуучу метериалдарына бюджеттен каражаттарды көбөйтүү жагдайына көңүл бурду.    

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: