Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталарынын башчыларынын кеңешинин жыйыны өттү, деп билдирет КП СӨПтүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Армениянын, Беларустун жана Монголиянын (байкоочу статусу менен) Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрүн чогулткан акыркы беш жылдагы биринчи бетме-бет жолугушуу.
Жыйындын негизги темасы интеграциянын жаңы деңгээлин жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода агымын кеңейтүүдө соода-өнөр жай палаталарынын ролун талкуулоо болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө палаталардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана аймактагы бизнести колдоого багытталган кызматташуу келишимине кол коюлду.
Мындан тышкары, иш сапарынын алкагында Темир Сариев Россия Федерациясынын Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников менен жолугушуу өткөрдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/