ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 6-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Соода-өнөр жай палатасы ооган жана өзбек жеке секторлорунун өкүлдөрүнүн ортосунда жалпы суммасы 65 миллион доллардан ашкан 10 соода келишимине кол коюлганын билдирди.

Палатанын маалыматы боюнча, уюмдун орун басары Ариан Заргай жетектеген 40 ооган ишкеринен турган делегация Өзбекстанга барып, Фергана облусунун Кокон шаарында жеке сектордун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жарыяланган билдирүүдө тараптар жолугушуу учурунда ар кандай тармактарда, атап айтканда, текстиль, чийки зат жана фармацевтика жаатында 10 келишимге кол коюшканы белгиленген.
Маалыматка ылайык, ооган делегациясы ошондой эле Кокондогу Худаяр хан сарайынын тарыхый комплексине, жергиликтүү соода борборлоруна, ошондой эле текстиль, керамика жана курулуш материалдарын чыгаруучу ири өнөр жай ишканаларына барып, аймактын өнөр жай жана соода потенциалы менен таанышып чыгышты.
Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин начарлашынын, ошондой эле соодадагы үзгүлтүктөрдүн шартында ооган ишкерлери башка өлкөлөргө, айрыкча Борбордук Азия мамлекеттерине көңүл буруп, маанилүү товарларды жеткирүүнү диверсификациялоого аракет кылып жатканы белгиленди.
Сүрөт: ACCI (Ооганстандын Соода-өнөр жай палатасы)
