ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 11-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын өкүлү Юсуф Хамад AFP (Afghan Presse) агенттигине 26-марттан бери катуу жааган жамгырдан, суу ташкынынан жана жер көчкүдөн кеминде 148 адам каза болгонун билдирди.

Эл аралык миграция уюму мурда өлкөнүн ар кайсы провинцияларындагы суу ташкындары жалпысынан 5700гө жакын үй-бүлөгө зыян келтиргенин билдирген.
Парван провинциясынын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Абдулазим Афзали ошондой эле шаршемби жана бейшемби күндөрү үйлөрдүн чатырлары кулап, алты адам каза болгонун белгиледи.
Ооганстандагы акыркы катуу суу ташкындары адам курмандыктарына гана эмес, ошондой эле чоң материалдык чыгымдарга алып келди.
Колдо болгон маалыматтарга ылайык, жүздөгөн турак жай имараттары жана айыл чарба жерлери толугу менен же жарым-жартылай талкаланып, ондогон километр жолдор бузулуп, бир катар аймактарда транспорттук байланыштар үзгүлтүккө учураган.
Сүрөт: Синьхуа жаңылыктары
