ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 22-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын улуттук бузкаши командасы 2026-жылы Казакстанда өткөн Дүйнөлүк кубокто Орусияны 6:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орунду ээледи.

Ооганстандын Олимпиада, дене тарбия жана спорт башкармалыгы (APPA) Ооганстандын улуттук бузкаши командасы Казакстанда өткөн жана тогуз өлкө катышкан Дүйнөлүк көк бөрү турниринде үчүнчү орунду ээлегенин жарыялады.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Ооганстандын курама командасы тайпалык этапта Венгрияны 14:0, Монголияны 7:0 жана Орусияны 5:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда команда Өзбекстанга 4:2 эсебинде утулуп, финалга чыга алган жок. Бирок, үчүнчү орун үчүн беттеште Ооганстан кайрадан Орусияны 6:0 эсебинде жеңип, үчүнчү орунду ээледи.
Сүрөт: Бахтар маалымат агенттиги
