БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 15-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Бузкаши федерациясы өлкөнүн курама командасы эл аралык көкпар мелдешине катышуу үчүн Казакстанга барганын жарыялады.

Мелдеш 15-март, жекшембиден 21-мартка чейин Казакстандын Түркестан шаарында тогуз өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өтөт.
Чемпионаттын баш байгеси үчүн турнирде Ооганстан, Кытай, Казакстан, Венгрия, Монголия, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Түркиянын командалары күч сынашат.
Буга чейин Ооганстандын Олимпиада жана дене тарбия департаментинин башчысы Ахмадулла Васик Ооганстандын улуттук бузкаши командасы тогуз жылдык тыныгуудан кийин Казакстанда өтүп жаткан эл аралык көкпар мелдешине кайрадан катышаарын жарыялаган.
Бузкаши же көкпар – Борбордук Азия жана Ооганстан элдеринин салттуу оюну, акыркы жылдары бул боюнча эл аралык турнирлер да өткөрүлүп келет.
(Бузкаши – Борбордук Азия жана Ооганстан элдеринин салттуу ат оюну, анда чабандестер жаныбардын өлүгү үчүн мелдешишет. Бул оюн күч-кубатты, ат минүүнү жана чыдамкайлыкты талап кылат жана көбүнчө майрамдарда ойнолот.)
Сүрөт: Бейтут
