Ош шаарынын мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды – ИА Караван Инфо
Ош шаарынын мэриясы 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп, анда 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев алып барды.

Жыйындын күн тартибинде 5 маселе каралды:

1. Ош шаарынын 2024-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылдын IV квартальна карата милдеттер жөнүндө;

2. Ош шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун жыйынтыгы жөнүндө;

3. “Oш шаарынын мариясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;

4. Шаар куруу, архитектура, курулуш тармагында аткарылган иштер жөнүндө;

5. Ош шаарына пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоорунун алкагында муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө.

Жыйындын соңунда күн тартибине коюлган маселелер боюнча сунуштамаларды киргизүү менен токтом долбоорлору бир добуштан кабыл алынып, шаар бийлиги тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: