Ошто милиция кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы курулган бала бакча ачылды
Ош шаарында 6-октябрда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы курулган бала бакчанын ачылышы өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Жаңы курулган бала бакчанын имараты кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган республикалык деңгээлде өтүп жаткан иш-чаралардын алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн ачылды.
Иш-чарага катышкан ички иштер министри Улан Ниязбеков жаңы ачылган имаратка кирип, балдарга түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышып чыгышты.