Ошто Санкт-Петербург шаары тууралуу сүрөт көргөзмөсү ачылды – ИА Караван Инфо
Ошто Санкт-Петербург шаары тууралуу сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Алымбек датка этно борборунда Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Санкт-Петербург шаарынын кооз жайларын, туристтик дараметин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация, маданият ишмерлери, мугалимдер, окуучулар, студенттер катышты.

Көргөзмө Ош шаарынын тургундарын Санкт-Петербург шаарынын кооз, туристтик жайлары менен тааныштыруу максатында уюштурулду.

Көргөзмө 3 күнгө созулат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: