Парламентте КМШ алкагында коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды – ИА Караван Инфо
Парламентте КМШ алкагында коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» жана «2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоорлорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов тааныштырды. Анын айтымында, биринчи мыйзам долбоору КМШ алкагында мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бул багыттагы алакаларды өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Ал эми экинчи мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республиканын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: