Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары – ИА Караван Инфо
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары

2024-жылдын 18-19-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана кыргыз-өзбек мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.

Мамлекет башчысы Өзбекстандагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду ишке киргизүү жана ачуунун онлайн аземи болот.

Сапардын алкагында экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтүп, өлкөлөр ортосундагы билим берүү байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Сүрөт: КР президентинин басма сөз кызматы

error: