Президент жумуш сапары менен Ысык-Көлгө барат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачат.
Аэропорттун ачылышы УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/