Прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын жалпы укуктук коомчулугу оор жоготууга учурады.
Прокуратура органдарынын ардактуу ардагери, юстициянын полковниги Чильникина Татьяна Ивановна 23-январда 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Татьяна Ивановна 1951-жылдын 23-январында жарык дүйнөгө келген. Өз өмүрүнүн тең жарымын Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында татыктуу эмгек кылууга арнап, принципиалдуулугу жана кесипкөйлүгү менен замандаштары арасында терең сый урматка ээ болгон.
Ал өзүнүн кесиптик жолунда Башкы прокурордун орун басары өңдүү жооптуу жана жетекчилик кызматтарды аркалап, укуктук системанын өнүгүүсүнө жана мыйзамдуулуктун сакталышына чоң салым кошкон.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы жамааты Чильникина Татьяна Ивановнанын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/