ПСЭР деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү? – ИА Караван Инфо
ПСЭР деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?

Экономика жана коммерция министрлигинен ПСЭР деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү экендигин түшүндүрүп беришти. 

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ПСЭР – бул социалдык-экономикалык өнүгүү программасы, ал ар бир райондун кандайча жана кайсы багытта өнүгөөрүн аныктаган негизги документ.

Эмне үчүн ПСЭР керек?

Бул программа экономиканын өсүшүн жана инвестицияларды пландоого жардам берет. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртууга – жолдорду оңдоого, таза суу менен камсыз кылууга, мектептерди жана оорукана курууга шарт түзөт. ПСЭРдин негизинде жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишкердик үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү мүмкүн болот. Программа экологияны эске алып, жашоо шартын жакшыртууга да багытталган.

2024-жылы Кыргызстанда ПСЭРдин жаңы методикасы ишке киргизиле баштады, ал аймактарга өздөрү үчүн эң маанилүү тармактарды өнүктүрүүгө көңүл бурууга жардам берет. Туризм, айыл чарба, өндүрүш сыяктуу багыттарга инвестиция тартуу жеңилдейт. Натыйжада, аймактар туруктуу жана пландуу өнүгө баштайт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: