Путин Лев Толстойдун чөбөрөсүн Орусиянын жарандыгына ээ кылды
МОСКВА, 2026-жылдын 4-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин жазуучу Лев Толстойдун тукуму Даниил Толстойго Орусиянын жарандыгын берүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Тиешелүү документ 3-апрелде расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Даниил Толстой 1972-жылы 18-сентябрда Швецияда туулган. Ясная Поляна музей-коругунун маалыматы боюнча, ал классикалык жазуучунун уулу Лев Львовичтин чөбөрөсү.
Сүрөт: Life.ru, © YouTube / Сергей Пестов (Familjen Pestov Mildström)
