Путин менен Лукашенко биримдик программаларын ишке ашырууну талкуулашты
МОСКВА, 2026-жылдын 23-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларусиянын президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Лидерлер соода-экономикалык кызматташтыкты, инвестицияларды жана биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Алар Биримдик мамлекетинин Жогорку Мамлекеттик Кеңешинин февраль айындагы жыйынында жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга өзгөчө басым жасашты.
Лукашенко мурда белгилегендей, алдыдагы үч жылдагы интеграциянын негизги багыттары Биримдик мамлекеттин технологиялык эгемендүүлүгүн камсыз кылууга багытталышы керек.
Сүрөт: РИА Новости
