Путинге "Даарыгердин" байыркы иконасы белекке берилди
МОСКВА, 2026-жылдын 14-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. 13-февралда Кремлдеги жолугушууда Владимир Путинге "Жакшылык чөйрөсү" фондунун жетекчиси, протоиерей Александр Ткаченко белек катары Кудай Энесинин "Даарыгер" иконасын тапшырды. Бул 17-кылымдагы эстелик мурда Москванын Алексеев монастырында сакталып турган жана керемет катары урматталат. Президент иконага урмат менен мамиле кылып, белек үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы буга чейин согуштук аймактарда жоокерлердин өмүрүн иконалардын кантип сактап калганы жөнүндөгү окуялар көркөм тасманын негизин түзө алат деген пикирин билдирген.
Сүрөт: kremlin.ru
