МОСКВА, 2026-жылдын 27-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын президенти Владимир Путин "Россия" Улуттук борборунун жаңы комплексинин курулушун баштады. Салтанаттуу азем Москвада өттү.

Мамлекет башчысы "Россия" Улуттук борборунун башкы директору Наталья Виртуозованын көргөзмө комплексинин жана анын филиалдарынын иши тууралуу отчетун кунт коюп укту. Ошондой эле, келечектеги имараттын макетин карап чыкты.
Аземге Москва шаарынын мэри Сергей Собянин, Президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко жана Президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин орун басары Максим Орешкин катышты.
Жаңы комплекс Красная Преснядагы мурдагы Экспоборбордун ордунда, Москва-Сити бизнес борборунда жайгашат.
Көп функциялуу мейкиндик көргөзмө аянтчаларын, конвертациялануучу конгресс жана концерт залын, медиа жана басма сөз борборлорун жана коомдук жайларды камтыйт. Имаратты жашылдандырылган парк курчап турат.
Жаңы комплекстин ачылышы 2029-жылга пландаштырылган.
Сүрөт: атриум
