ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 31-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Тоо-кен жана мунай министрлиги Герат провинциясындагы ТАПИ газ кууру долбоору боюнча иштер олуттуу ийгиликтерге жетишкенин жарыялады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 25 чакырым түтүк өткөрүлүп, дагы 120 чакырым аймак андан аркы иштер үчүн даярдалган.
Министрликтин өкүлү Хумаюн Афган долбоорду ишке ашыруу энергетика тармагында олуттуу өзгөрүүлөргө алып келерин жана аймактын экономикалык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.
ТАПИ долбоору Түркмөнстандан Ооганстан аркылуу Пакистанга жана Индияга газ ташууну караштырат жана аймактагы негизги экономикалык долбоорлордун бири болуп эсептелет.
Министрлик ошондой эле жаңы түтүктөр жана техникалык жабдуулар даярдалганын жана Гераттагы 153 чакырымдык участок ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөрү күтүлүп жатканын билдирди.
Сүрөт: Ariana News
