Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы миграциялык саясат боюнча 28 мыйзам долбоорун кароодо
Учурда Мамлекеттик Думада миграция маселесине байланыштуу 28 мыйзам долбоору каралууда.
Сунуш кылынган демилгелердин арасында квалификациясы төмөн эмгек мигранттарынын өлкөгө үй-бүлөсүн алып келүүсүнө тыюу салуу, чет өлкөлүк жарандарды кирүү учурунда милдеттүү түрдө манжа изин каттоо, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар үчүн эмгек ишмердүүлүгүнүн айрым түрлөрүн, анын ичинде медицина жана билим берүү тармагын чектөө сыяктуу чаралар бар.
Булак: РИА Новости
Сүрөт: РИА Новости