Салык кызматы январь айында 22,5 млрд сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту – ИА Караван Инфо
Салык кызматы январь айында 22,5 млрд сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь айында 22 млрд 554 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту.

Пландык көрсөткүчтөр 3 млрд 418,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Түшүүлөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,05 млрд сомго көбөйгөн.

Мындан сырткары, Салык кызматы 6 млрд 714,4 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту, бул белгиленген пландан 814,4 млн сомго көп. 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 839,8 млн сомго өстү.

Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы ушул жылдын январь айында 29 млрд 268,4 млн сомду түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: