Самаркандда өтүүчү Эл аралык музыка фестивалында тажик музыкасы тартууланат – ИА Караван Инфо
Самаркандда өтүүчү Эл аралык музыка фестивалында тажик музыкасы тартууланат

26-августтан 30-августка чейин Самаркандда (Өзбекстан) XII Эл аралык “Чыгыш обондору” музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият министрлиги кабарлады.

Фестивалдын негизги максаты – түрдүү элдердин жана улуттардын салттуу музыкасын көрсөтүү жана кайра жаратуу. Фестиваль Өзбекстанда эки жылда бир өтөт. Иш-чарага 70 өлкөдөн 300дөн ашык катышуучу келет.

Тажикстан тараптан Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телерадио комитетинин «Фалак» мамлекеттик ансамблинин артисттери Фатима Машрабова, Шохин Абдуллоев жана 4 аткаруучу музыкант катышат.

Фестивалдын алкагында “Чыгыш элдеринин музыкалык маданияты: ааламдашуу процессиндеги чыгармачылык кызматташтыктын негиздери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Ачык булактардан алынган сүрөттөр

error: