Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө республикадагы бардык деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарында 7 маалымат системасы иштеп жатканын билдирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бардык санариптик чечимдери саламаттыкты сактоо уюмдарына акысыз жеткиликтүү.
«Sanarip Clinic» маалыматтык тутумунун базасында республикадагы 88 баштапкы денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын 88и иштейт: үй-бүлөлүк медицина борборлору (анын ичинде 600дөн ашык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу), жалпы дарыгерлик практика борборлору, клиникалык диагностикалык бөлүмдөр, адистештирилген саламаттык сактоо уюмдар. Учурда системада 16 миңден ашык медициналык кызматкер иштейт. 2024-жылдын 9 айындагы маалыматтык системанын ишинин негизги көрсөткүчтөрү:
Система «Тундук» мобилдик тиркемесинин «Санариптик ден соолук профили», «Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы» кызматтары жана E-Kyzmat маалымат системасы менен интеграцияланган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/