ООГАНСТАН, 2026-жылдын 2-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы офицери Сара Адамс Пакистан күчтөрү Кабулдагы "313-Борбордук корпуска" таандык талиптердин аскердик базасына абадан сокку урганын билдирди.

Анын айтымында, соккулар курал-жарак оңдоо борборуна, негизги курал-жарак кампасына жана окуу бөлүмдөрүнө тийген. Бул тууралуу ал социалдык медиа баракчасына жазган.
Адамс чабуул Ооганстандын борбордук жана түндүк провинцияларында курал-жарак таратуу үчүн колдонулган талиптердин борбордук кампасына да тийгенин айтат. Анын айтымында, соккудан бир топ аскердик ок-дарылар жок кылынган.
Ал кошумчалагандай, курмандыктардын так саны белгисиз бойдон калууда, бирок алдын ала маалыматтар боюнча кеминде 13 талип согушкери өлтүрүлгөн. Алардын аты-жөнү жана жайгашкан жери белгилүү, деп ырастайт ал.
Бул дооматтар боюнча Талибан да, Пакистандын аскерлери да расмий түрдө комментарий бере элек. Көз карандысыз булактар да бул маалыматты тастыкташкан жок.
Сүрөт: DID агенттиги
