Түштүк Кореядагы анормалдуу жылуулук күтүлбөгөн көрүнүшкө алып келди – өлкөнүн борбору Сеулда банан дарактары мөмө бере баштады. Бул факт жергиликтүү дыйкандар менен илимпоздордун олуттуу кооптонуусун жаратып, климаттын тез өзгөрүшүн көрсөтүп турат.
Сеулдук фермер Ма Мён Сон он жылдан бери өстүргөн дарактары биринчи жолу мөмө бергенин белгиледи. “Ушунча жыл баккандан кийин дарактын үстүндө банандарды көрүү абдан жагымдуу болду. Бирок, ошол эле учурда климаттык кризис абдан олуттуу болуп калгандай сезилди”, – дейт фермер. Демейде тропикалык жана субтропиктик аймактарда өсүүчү банандар Түштүк Кореянын төрт мезгили айырмаланган мелүүн климатында эч качан мөмө берген эмес.
Түштүк Кореядагы орточо жылдык температура 2012-жылдан бери тынымсыз жогорулап келе жатат. Кореянын Метеорология башкармалыгынын отчетуна ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылы 13,7 градус Цельсийге жеткен, бул рекорддор 1973-жылы башталгандан берки эң жогорку деңгээл. Кошумчалай кетсек, былтыркы муссон мезгилиндеги жаан-чачындар жылдык орточо көрсөткүчтөн эки эсе көп болгон, бул климаттын олуттуу өзгөрүшүнө да күбө.
Сеул улуттук университетинин айыл чарба жана табият илимдеринин профессору Ким Кванг-судун айтымында, Сеулда банан өстүрүү Түштүк Кореянын климаты субтропикалык климатка карай өзгөрүп жатканынын ачык белгиси. «Биз жаңы температура менен бул шарттарга ыңгайлаша ала турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун иштеп чыгууну баштообуз керек», – деп баса белгиледи профессор.
Климаттын өзгөрүшү жергиликтүү тургундар арасында ар кандай пикирлерди жаратууда. Бир жагынан кымбат баалуу импорттук банандардын ордуна жергиликтүү арзан банандарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү кубандырат. Башка жагынан алганда, көптөр жылуулуктун узак мөөнөттүү кесепеттери жөнүндө тынчсызданышат. “Сеулда даракка илинип турган банандарды көрүү чындыгында таң калыштуу. Баасы арзандаса жакшы болмок, бирок аба ырайы ысып, мени ого бетер тынчсыздандырат”, – дейт Сеул шаарынын тургуну Ким Жи Юн.
Ошол эле учурда Сеул эң узак ысык толкундардын бирин баштан кечирүүдө. Борбор калаада абанын температурасы Цельсий боюнча 25 градустан төмөн болбогон 24 тропикалык түн катары менен катталды, бул байкоолордун тарыхындагы үчүнчү эң узак мезгил болуп калды. Бул аптаптын бүтүндөй өлкөгө таасирин тийгизип, кеминде дагы бир жумага созулушу күтүлүүдө.
Сүрөт: Pixabay.com/ Couleur