Экономикалык дипломатия жаатындагы ишмердүүлүктүн алкагында Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов 2024-жылдын 25-октябрында «SICPA SA» компаниясына иш сапар менен барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө салык төлөөдөн качуунун алдын алуу аркылуу мамлекеттин кирешелерин көбөйтүүгө жөндөмдүү молекулалар деңгээлинде күйүүчү майды маркировкалоо боюнча “SICPA SАнын” технологияларын Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Тараптар компаниянын Кыргызстандагы күйүүчү майды маркировкалоо боюнча долбоорго 12 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция салуу боюнча пландарын да талкуулашты.
«SICPA SA» компаниясы 1927-жылы түптөлгөн. Анын баш-кеңсеси Швейцариянын Во кантонундагы Лозанна шаарына чукул жайгашкан. Компания дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да 130 миллиарддан ашуун банкнотторду коргоо менен алектенет. АКШнын 40 штаты менен контракттары бар. «SICPA SA» аткезчилик, товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана аларды жасалмалоо менен күрөшүү боюнча санариптик технологиялардын алдыңкы иштеп чыгаруучусу, жылына 80 миллиарддан ашуун товардык позицияларды жана 60 миллиард литрден ашуун күйүүчү майды маркировкалайт. Компаниянын 36 өлкөдө 3000 кызматкери жана иштеп чыккан технологияларына 5000ден ашуун патенти бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/