Словакиянын Премьер-министри Роберт Фицо Орусиянын президенти Владимир Путиндин 80-жылдын 9-майында Москвада өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө расмий чакыруусун кабыл аларын ырастады.

Фицо чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай маанилүү иш-чарага катышуу ал үчүн өзгөчө сыймык жана жеке милдет экендигин белгиледи. “Словакиянын өкмөт башчысы катары фашизмди Жеңгендин 80 жылдыгына карата расмий салтанаттарга катышууга өзгөчө кызыгуум бар”,-деди ал.
Мындан тышкары, 21-ноябрда Фицо өзү жана Сербиянын Президенти Александр Вучич маанилүү мааракени белгилөө үчүн 2025-жылдын май айында Москвага биргелешкен расмий сапар жасоону пландап жатышканын билдирди.
Буга чейин, 30-октябрда, Роберт Фицо бул иш-чаранын өз өлкөсү жана дүйнө үчүн маанисин баса белгилеп, Россиядагы Жеңиш күнүн майрамдоого катышуу сыймыгы деп эсептей турганын билдирген.
Сүрөт: Jaroslav Novák / TASR