Стамбулда кыргыз киносунун күндөрү өтөт – ИА Караван Инфо
Стамбулда кыргыз киносунун күндөрү өтөт

БИШКЕК, 2026-жылдын 16-марты – Karavan Info маалымат агенттиги. 24-26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарындагы Atlas кинотеатрында кыргыз киносунун күндөрү өтөт.

Иш-чара түрк коомчулугун заманбап кыргыз киносу менен тааныштыруу, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана улуттук тасмаларды эл аралык аренага чыгаруу максатында уюштурулду.

Иш-чарада белгилүү кыргыз режиссерлорунун үч көркөм тасмасы көрсөтүлөт: Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары", Дастан Жапар уулунун "Качкын" жана Руслан Акундун "Энелердин таманынын астындагы бейиш 2".

Тасмалар көрүүчүлөрдү кыргыз коомунун жашоосу, улуттук каада-салттары, баатырлардын тагдыры жана учурдагы социалдык маселелер менен тааныштырат.

Кыргыз киносунун күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган.

Сүрөт: Кыргызстандын Маданият министрлиги

error: