Түштүк Корея Кыргызстанда литий казууну каалайт – ИА Караван Инфо
Түштүк Корея Кыргызстанда литий казууну каалайт

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореядагы Кореянын геоилимдер жана минералдык ресурстар институтунун (KIGAM) президенти Пхён-Коо Ли менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын минералдык ресурстар тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Пхён-Коо Ли белгилегендей, Корея Республикасы учурда бул тармакка чоң маани берип, электромобилдерди өндүрүү үчүн пайдалуу кендерди иштетүүгө кызыкдар.

Ага жооп катары А.Исмаилова Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштап, KIGAM делегациясын өлкөгө келип кетүүгө чакырды.

Тышкы иштер министрлиги кайсы кендер жөнүндө сөз болуп жатканын тактабаганы менен, электромобилдердин негизги компоненти дагы эле литий аккумуляторлору.

Эскертүү. Литий – электр унаасынын аккумуляторлорун өндүрүү үчүн негизги элемент. 2030-жылга чейин жаңы унаалардын сатылышынын 60% га чейин литий-иондук аккумуляторлору бар унаалар болот. Мисалы, Tesla Model S автоунаасынын аккумуляторун өндүрүү үчүн 12 кг литий керектелет.

Буга чейин 2023-жылдын декабрь айында Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Эмил Осмонбетов өлкөдө литий казуу пландалып жатканын билдирген. Анын айтымында, бул сейрек кездешүүчү металлдын кендери Ысык-Көл жана Баткен облустарында бар.

Сүрөт: КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

error: