Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңешитин төрагасы Нурланбек Шакиевге II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сыйлыкты Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында төрага Нурланбек Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Төрага Нурланбек Шакиев ыйгарылган сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирип: “Достук” ордени мага берилгени менен мен жетектеген жалпы Жогорку Кеңеш үчүн чоң сыймык. Биз калыптанган кызматташтыкты арттырып, мындан ары да боордош элдин достугун чыңдоо багытында иш алып бара беребиз”, – деди.
Ошондой эле Казакстан президентинин Ардак грамотасы Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге берилди.
Сыйлык тапшыруу аземинен соң төрага Нурланбек Шакиев Ерлан Кошанов баштаган Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаттарына Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жыйындар залы менен тааныштырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/