Талас районундагы поликлиникага тез жардам унаасы тапшырылды
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер (ҮБД) тобуна тез жардам унаасы тапшырылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, унаа Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт.
“Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет”, – деп айтылат билдирүүдө.