Таласта 144 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды – ИА Караван Инфо
Таласта 144 млн. сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Талас областык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы Талас шаардык мэриясынын токтому менен борбордук базарынын ичинен 1,3 га жер тилкеси “Т.А.К.” ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталып, укук белгилөөчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, соттук инстанциялардын актылары менен канааттандырылган.

Талас областтык прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде  144 млн 172 миң 800 сомго бааланган 1,3 га жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: