ООГАНСТАН, 2026-жылдын 2-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын ички иштер министринин баңгизатка каршы күрөшүү боюнча орун басары Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) өкүлдөрү менен жолугушуп, дыйкандар үчүн альтернативдүү киреше булактарын түзүү жана баңгизатка көз карандыларды дарылоо жаатында кызматташууну кеңейтүүгө чакырды.

Талибандын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө баңгизатка каршы күрөшүү боюнча министрдин орун басары Абдулрахман Мунир БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлү Поллек Ок Серей жана уюмдун аймактык башчысы Оливер Ассолп менен жолукканы айтылат.
Жолугушуу учурунда талиптер БУУнун расмий өкүлдөрүнөн ооган дыйкандарына альтернативдүү киреше булактарын камсыз кылууга, ошондой эле баңгилерди дарылоо жана социалдык колдоо программаларын кеңейтүүгө жардам сурашты.
Бул билдирүүлөр жакында эле БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын отчетунан кийин айтылды.
Сүрөт: Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
