Талибандын чалгындоо кызматынын башчысынын жардамчысы өлтүрүлдү – ИА Караван Инфо
Талибандын чалгындоо кызматынын башчысынын жардамчысы өлтүрүлдү

АФГАНИСТАН, 28-декабрь, 2025-жылКараван инфо маалымат агенттиги . Талибандын чалгын кызматынын башчысы Абдул Хак Васиктин жардамчысы Мавлави Номан Кабул провинциясынын Ботхак районундагы үйүндө өлтүрүлдү.

Номандын өлүмүнүн так себеби азырынча расмий түрдө жарыялана элек, бирок маалыматтуу булактар өлүмдүн себеби "газ баллонунун жарылуусу" болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Социалдык медиа колдонуучулары жана Талибандын жактоочулары Мавлади Номандын уулдары да окуядан жаракат алып, учурда ооруканада дарыланып жатышканын билдиришүүдө. Бирок, расмий булактар Номандын туугандары жаракат алганын азырынча тастыктай элек.

Абдул Хак Васик талиптердин катарында белгилүү инсан. Ал Талибандын биринчи башкармалыгы учурунда (1996-2001) кыймылдын чалгындоо кызматында кызмат өтөгөн. Васик 11-сентябрдагы чабуулдардан кийин америкалык күчтөр тарабынан туткунга алынып, он жылдан ашык убакытты Гуантанамо булуңунда өткөргөн.

Сүрөт: AFG – Эл аралык

error: