ООГАНСТАН, 2026-жылдын 25-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын коомдук саламаттыкты сактоо министри Нур Жалал Жалали Кабулда Түркиянын элчилигинин убактылуу өкүлү Садин Элд менен болгон жолугушууда түрк дары-дармектерине Ооганстанда суроо-талап жогору экенин, бирок аларды жеткирүүдө сапатын жана баасын эске алуу керектигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ооган тарап медициналык кызматкерлерди окутуу, тубаса жүрөк кемтиги бар балдарды дарылоо, райондук ооруканаларды куруу жана Кабулда нейрохирургиялык операцияларды өнүктүрүү боюнча кызматташууну суранышты.
Талибандын билдирүүсүндө түрк дипломаты жогоруда айтылган багыттарга жардам берүүгө даяр экенин ырастап, артыкчылыктуу муктаждыктардын тизмесин сураганы айтылат. Ал Түркия Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигин медициналык жабдуулар менен камсыз кылууну жана колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөп жатканын билдирди.
БУУнун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму буга чейин АКШнын каржылоосунун токтошу өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын кыйроого учуратканына, ресурстардын жетишсиздиги энелер менен балдарды дарылоого терс таасирин тийгизип жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Сүрөт: Tolo News
