Ташиев: Акылбек Жапаров бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров бир нерсеге бар үчүн кызматтан кетти. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Ал кишинин кызматтан кетиши боюнча чечимди президент кабыл алат. Ал чечим талкууланбайт. Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да”, – деди Ташиев.
Эске сала кетсек, күн мурун, 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматтан кетип, анын ордуна Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/