Ташиев Оштогу үч эм төрөлгөн 2 үй-бүлөнүн ар бирине үч бөлмөлүү батир тапшырды – ИА Караван Инфо
Ташиев Оштогу үч эм төрөлгөн 2 үй-бүлөнүн ар бирине үч бөлмөлүү батир тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн 2 үй-бүлөдөгү үч эмдерден кабар алды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. 

Алгач, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн үч эмди көрдү.

Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаевалардын үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.

Үй-бүлөнүн турмуш шартын мындан ары да көзөмөлдөп турарын белгиледи. Үч эмге Таңсулуу, Күнсулуу, Нурсулуу деген ысымдар ыйгарылган, абалдары жакшы.

Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй-бүлөсүнө барды.

Бул наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген.

Эки уул бир кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө да ажонун атынан 500 миң сом акчалай белек ыйгарып, аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кылаарын убадалады. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асел ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.

Эки үй-бүлө тең президент Садыр Жапаровго жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Камчыбек Ташиев бул наристелердин саламаттыгына жакшылап көңүл бурууна жана үй-бүлөлөрдөн дайыма кабар алып турууна тийиштүү тараптарга тапшырды.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда 3 эм төрөлүшү акырык 17 жылдан бери алгачкы жолу катталган. Жакынык арада дагы бир үч эм төрөлүүсү күтүлуп жатканын, ал эненин саламаттыгы дарыгерлерден тыкыр көзөмөлүндө экенин Кара-Суу төрөт үйүнөн кабарлашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: