Талас облусунун Талас шаарында КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлери үчүн салынган спорт залын көрүп чыкты. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Ал спорт залында түзүлгөн шарттар менен таанышып, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуусу керектигин белгиледи.
Ошондой эле, коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болоорун кошумчалады.
Аталган имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.
Белгилей кетсек, спорт залын курууга президенттик фонддон 50 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.
Курулуш иштери 2023-жылы КР президентинин тапшырмасы менен башталып, 2024-жылы бүткөрүлүп, май айында пайдаланууга берилген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/