Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 11-августунан 17-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Бул жолугушууда тараптар талкууну улантып, тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелерде өтүшүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.
Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.
Ачык булактардан алынган сүрөттөр