26-июлда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Хорог шаарында “Памир Инвест—2024” эл аралык инвестициялык бизнес форуму болуп, ага Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин биринчи орун басары Солехзода Ашурбой катышты.
Иш-чарага ошондой эле 250дөн ашык ишкерлер, ата мекендик жана чет элдик инвесторлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Форумдун негизги максаттары – аймактын экономикалык жана социалдык тармагына инвестиция тартуу, ишкердикти өнүктүрүү, ата мекендик жана чет элдик компаниялардын кызматташтыгын бекемдөө.
Экономикалык өнүгүү жана соода министринин биринчи орун басары Солехзода Ашурбой өз сөзүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-кылымды “Таджикистандын Тоолуу-Бадахшан автономиялык облусунун өнүгүү кылымы” деп жарыялаганын белгилеп, аймак чыныгы алтын дарбазага айланып бара жатканын кошумчалады.
Мындан тышкары форумдун алкагында кызматташуу документтерине жана эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Иш-чара эки панелдик сессиянын алкагында өттү: “Бадахшан Тоолуу автономиялык облусунун экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүн турукташтыруу үчүн ата мекендик жана чет элдик капиталды тартуу” жана “Финансы жана банк секторундагы ишкерлердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу”.
Сүрөт: Иш-чаранын расмий сайты