Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кээ бир ЖМКлардын Кытайдын Тажикстандын аймагында аскерий база түзгөнү тууралуу маалыматты четке кагып, аларды “негизсиз” деп атады.
«Тажикстан менен Кытай чын ыкластуу стратегиялык өнөктөштөр жана эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык тармактарда динамикалуу өнүгүп жатат», – деп белгиленет Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Дүйшөмбү менен Пекин чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда эки тараптуу негизде да, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да жигердүү кызматташат.
«Кээ бир ЖМКлар тараткан Кытай Тажикстандын аймагында аскердик база түздү деген маалыматтарга келсек, биз алардын негизсиз экенин билдиргибиз келет. Бул маселе тажик-кытай сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде болгон эмес жана жок», — деп айтылат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө.
Ошондой эле, Тажикстан Республикасы КЭР менен тажрыйба алмашуу, алдыңкы тажрыйбаны ишке киргизүү жана чакырыктарды жана коркунучтарды өз убагында аныктоо жана башкаруу боюнча тиешелүү ведомстволордун потенциалын күчөтүү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү жана тереңдетүүнү максат кылгандыгы белгиленди.
Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги